# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 494-VII
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14375/edition/1211364/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (08.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89491

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2022-жылдын 28-сентябры № 494-VII

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-октябрындагы № 527-VII, 2022-жылдын 8-декабрындагы №719-VII токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык жана "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:

Н.А.Нарматова - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

М.М.Мураталиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

А.К.Малиев - "Элдик" депутаттык тобунан;

К.Л.Ханджеза - "Мекенчил" депутаттык тобунан.

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-декабрындагы № 719-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Комиссия 2023-жылдын 28-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзгөн иштеринин натыйжалары тууралуу маалымат берсин.

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-декабрындагы № 719-VII токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов
