# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 469-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 469-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 469-VII
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14356/edition/1250103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 469-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89468

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-сентябры № 469-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Темирбаева Миргул Омурзаковна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын.

2. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Темирбаева Миргул Омурзаковна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин курамына киргизилсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"Темирбаева Миргул Омурзаковна - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;";

- 3-пунктчанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

.

Төраганын орун басары

У.Б.Примов
