# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 656-VII "Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 656-VII "Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 656-VII
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14351/edition/1200400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89463.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 656-VII "Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу" токтому (24.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89463

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-ноябры № 656-VII

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кароого киргизген (2022-жылдын 16-майындагы чыг. № 18-15845) Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету канааттандырарлык деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- 2021-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча белгиленген кемчиликтерди жана бузууларды жойсун;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 562 токтомуна ылайык иш-чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты квартал сайын жөнөтүп турсун.

3. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча иш-чаралардын аткарылышына кийинки жылдарда бюджеттик тартипти системалуу бузууларды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы контроль жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын берген материалдары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Т.Шакиев
