# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 654-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 654-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 654-VII
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14350/edition/1200388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 654-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (24.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89462

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-ноябры № 654-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу; Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу; "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Т.Шакиев
