# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 709-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссия тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 709-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссия тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 709-VII
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14344/edition/1250137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 709-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссия тууралуу" токтому (19.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89456

---

КР Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 199-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-декабры № 709-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссия тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен Сыйлоого материалдарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) Комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары;

2) Комиссиянын мүчөсү - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

3) Комиссиянын мүчөсү - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

4) Комиссиянын мүчөсү - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

5) Комиссиянын мүчөсү - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

6) Комиссиянын мүчөсү - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

7) Комиссиянын мүчөсү - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

8) Комиссиянын мүчөсү - "Элдик" депутаттык тобунан;

9) Комиссиянын мүчөсү - "Мекенчил" депутаттык тобунан;

10) Комиссиянын мүчөсү - бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардан;

11) Комиссиянын мүчөсү - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси.

2. Комиссия мүчөлөрүнүн жекече (фамилиялары) курамы фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин сунуштамасы жана бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилсин.

3. Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө келип түшкөн документтер боюнча ишти белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.

4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н.А.Азыгалиев
