# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-декабры № 702-VII "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-декабры № 702-VII "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 702-VII
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14340/edition/1250141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-декабры № 702-VII "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтому (07.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89452

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-декабры № 702-VII

"2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 25-октябрындагы чыг. № 40-29030) "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Н.А.Азыгалиев
