# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 673-VII "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 673-VII "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 673-VII
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14338/edition/1200348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89450.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 673-VII "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ токтому (30.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89450

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-ноябры № 673-VII «Патент мыйзамы» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 15-августундагы чыг. № 18-12124) «Патент мыйзамы» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Н.О.Сыдыгалиев
