# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 655-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 655-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 655-VII
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14288/edition/1251799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 655-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (24.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89399

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-ноябры № 655-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Элдик" депутаттык тобунун 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 54 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча төмөнкү курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:

Козуев А.А. - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан; Абдибаева А.Н. - "Ишеним" парламенттик фракциясынан; Мамытов Т.Т. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан; Жамгырчиев Э.Э. - "Альянс" парламенттик фракциясынан; Кожокулова Г.А. - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан; Ашимова Д.А. - "Ыйман нуру" парламенттик фракциясынан; Ажибаев Ч.И. - "Элдик" депутаттык тобунан; Атажанов Ы.Ы. - "Мекенчил" депутаттык тобунан; Сурабалдиева Э.Ж. - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунан;

2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.

3. Комиссия 2022-жылдын 1-декабрына чейин жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Т.Шакиев
