# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 563-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 563-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 563-VII
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2022
- Редакциянын күнү: 20.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14273/edition/1230542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 563-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (20.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 20-октябры № 563-VII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.О.Сыдыгалиев, А.Исатбек кызы, А.Т.Маткеримов, И.И.Матраимов, Ж.Э.Садырбаева, Г.О.Култаева, М.К.Алиев, С.А.Омурзаков, Р.Ш.Жакышов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.О.Сыдыгалиев
