# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 586-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 586-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 618
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14270/edition/1203028/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 586-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (27.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89381

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 27-октябры № 586-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

2022-жылдын ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө; Ар кандай маселелер; «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төраганын орун басары

Н. О. Сыдыгалиев

.
