# Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 14 декабря 2022 года № 726-VII "О внесении изменений в некоторые постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 726-VII
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14257/edition/1205068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 14 декабря 2022 года № 726-VII "О внесении изменений в некоторые постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" (14.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89366

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-декабры № 726-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 49-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Азыгалиев Нурланбек Асанбекович Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Примов Улан Бердибаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;

2) Азыгалиев Нурланбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.

3) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Азыгалиев Нурланбек Асанбекович шайлансын.".

Төраганын орун басары

Н. О. Сыдыгалиев
