Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин « Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 26-октябры № 576-VII «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 23-августундагы чыг. № 40-3598) «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Н. О. Сыдыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.