# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12 октябрындагы № 533-VII "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жолжоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12 октябрындагы № 533-VII "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жолжоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 533-VII
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14234/edition/1193629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12 октябрындагы № 533-VII "2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жолжоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (12.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89343

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 12-октябры № 533-VII «2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 23-августундагы чыг. № 40-3598)

«2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Н. О. Сыдыгалиев
