# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примовду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примовду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 570-VII
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14216/edition/1231968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примовду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (20.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89325

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 20-октябры № 570-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Б.Примовду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 14-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Примов Улан Бердибаевич - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына;".

3. Депутат У.Б.Примов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.

4. Депутат У.Б.Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

5. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1) 1-пунктчанын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 2-пунктчада:

а) төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Примов Улан Бердибаевич - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча;";

б) он жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Н.Т. Шакиев
