# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 496-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 496-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 496-VII
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14206/edition/1250097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 496-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (29.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89315

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 29-сентябры № 496-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай; Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасына карата куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын келип чыгуу себептерин комплекстүү иликтөө жана чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча стратегия иштеп чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө; "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-2023-жылдарга сессиялык иш планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Кумтөр Голд Компани" ЖАК тарабынан алтындын сатылышын, жалпы өндүрүлүшүн иликтөө жана анын Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин текшерүү максатындагы убактылуу депутаттык комиссиянын курамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык тобунун фонддору жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешевге социалдык кепилдиктер жана анын эмгек шарттарын өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 2-февралындагы № 142-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Төраганын орун басары

Н.О.Сыдыгалиев
