Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому 2022-жылдын 14-сентябры № 468-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) (Жогорку технологиялар фонду); Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2021-жылдын 4-мартында кол коюлган 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Т.Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2022 · № 18-VII
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
- 2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Келечек үчүн билим берүү" долбоору боюнча каржылоо…Закон · 03.07.2020 · № 71
- 2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Шаардык транспортту электрлештирүү"…Закон · 21.10.2022 · № 98
- 2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун…Закон · 04.11.2022 · № 102
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндөЗакон · 03.02.2018 · № 19