# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 452-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 452-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 452-VII
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14164/edition/1193269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 452-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (07.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89263

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-сентябры № 452-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: 2022-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Г.М.Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору; "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору; "Ички иштер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын жана комитетинин фонддору жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов
