# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 384-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 384-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 384-VII
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14151/edition/1235886/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 384-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89249

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-июну № 384-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Стратегиялык жана концептуалдык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, эксперттик-аналитикалык колдоо жана депутаттардын жана Аппараттын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин институционалдык өнүгүүсүнө шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин түзүмү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисине жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

У.Примов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 384-VI токтомуна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу "Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин ТҮЗҮМҮ
