Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-июну № 382-VII Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1239-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги тамактанууну уюштурууну жакшыртуу максатында 2023-жылдын 31-августуна чейин 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн белгиленген базалык сумманы 7 сомдон 20 сомго чейин көбөйтүү үчүн финансылык каражаттарды тапсын;
2) туруктуу өсүп жаткан инфляцияны эске алуу менен 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн негизги сумманы аныктоо бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 500 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" жобого өзгөртүү киргизилсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1239-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
У.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1221-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 07.06.2023 · № 1221-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы № 1195-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 31.05.2023 · № 1195-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1239-VII ""Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 07.06.2023 · № 1239-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1484-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-2024-жылдарга карата сессиялык иш…Постановление · 11.10.2023 · № 1484-VII