# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиясы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиясы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 342
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14132/edition/1209721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиясы тууралуу" токтому (07.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89225

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 709-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-июну № 342-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссиясы тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1) Н.О.Сыдыгалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;

2) А.А.Сабырбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

3) Б.О.Мажитов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси, Комиссиянын мүчөсү;

4) Б.М.Мамытов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын мүчөсү;

5) М.Н.Исанова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы, Комиссиянын мүчөсү;

6) Ж.С.Бокошов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы, Комиссиянын мүчөсү;

7) Э.И.Исакова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын катчысы.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

1. 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө";

2. 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1142-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого материалдарды карап чыгуу боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

3. 2017-жылдын 16-февралындагы № 1352-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" № 29-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

4. 2017-жылдын 25-майындагы № 1619-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

5. 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 2002-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

6. 2018-жылдын 7-мартындагы № 2293-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

7. 2018-жылдын 28-июнундагы № 2533-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";

8. 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2800-VI "Депутат А.К.Касымалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө";

9. 2021-жылдын 24-мартындагы № 4477-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу".

Төрага

Т.Т. Мамытов
