# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 373-VII "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 373-VII "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 373-VII
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14095/edition/1180823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 373-VII "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу" токтому (29.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89187

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 29-июну № 373-VII Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси четке кагылды деп эсептелсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021- жылдын 20-октябрындагы № 4932- VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022- жылдын 16-июнундагы № 345-VII токтому.

Төрага

Т.Т.Мамытов
