Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 29-июну № 368-VII «Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгеленген (2021-жылдын 26-майындагы чыг. № 24-15545) «Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
-бюджетти пландоонун автоматташтырылган тутумун программалык камсыз кылуу өркүндөтүлбөгөндүктөн, 2020-жыл үчүн бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын 11, 11-2-тиркемелерине 5-тиркеменин 19,7 млрд сом суммасында шайкеш келбестиги; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан түшкөн 522,1 млн сом суммасындагы каражаттардын казына тутумунан тышкары пайдаланылышы, ошондой эле «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан Социалдык өнөктөштүк фондуна жана Жаратылышты өнүктүрүү фондуна которулган 4 915,7 млн сом өлчөмүндөгү каражаттардын максатсыз пайдаланылышы.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
-2020-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжалары боюнча белгиленген кемчиликтерди жана бузууларды четтетсин; -2023-жылдын башына министрликтердин жана ведомстволордун программалык бюджеттеринин отчеттуулугун пландоо жана түзүү бөлүгүндө программалык негизде бюджетти автоматташтырууну киргизүү боюнча «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасы менен ишти аягына чыгарсын; -Бирдиктүү казыналык эсептеги Социалдык өнөктөштүк фондунан жана Жаратылышты өнүктүрүү фондунан 4 915,7 млн сом суммасындагы пайдаланылган каражаттарды калыбына келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы контролдук иш-чаралардын натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатсын, мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жана сарамжалдуулугуна, бюджеттин резервдеринин болжолдуу көбөйтүлүшүн баалоого, министрликтер жана ведомстволор тарабынан аларды сарптоонун негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө багытталган иш-чараларды күчөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2020-жылы бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын укук ченемдүүлүгү тууралуу козголгон кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу 2022-жылдын октябрына маалымат берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Т.Т.Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.