# Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы N 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы N 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 341-VII
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14017/edition/1235116/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы N 130 "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамы (21.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89109

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-июну № 341-VII "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу (КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 508-VII, 2022-жылдын 21-декабрындагы № 770-VII токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө максатында, "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Ынтымак" парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:

А.Ж.Осмонов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Ч.И.Ажибаев - "Элдик" депутаттык тобунан;

Р.Ш.Жакышов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

Исатбек кызы Аида - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

А.Т.Эрбаев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

Ш.К.Атазов - № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 508-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.

3. Комиссия 2023-жылдын 16-июнуна чейин жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 770-VII токтомунун редакциясына ылайык)

4. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

Төрага

Т.Мамытов
