# 5-статья. Диний уюмдарын мамлекеттен бөлүү

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/891)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 16-декабрындагы № 656 "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 656-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282 "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-849/edition/503468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/891/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө, 5-статья (31.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-5

---

Мамлекет эгерде диний уюмдар законго карама-каршы келбесе анын иш-

мердигине кийлигишпейт, долбоор боюнча бир диндин же динге ишенүүнүн

экинчилерине карата кандайдыр бир артыкчылыктарын белгилөөгө же чек ко-

юуга жол бербейт; диний уюмдардын ишмердигин жана атеизмди пропаганда-

лоо боюнча иштерди финансылабайт.

Мамлекет дин туткан же дин тутпаган граждандардын ортосунда, ар

башка дин туткан диний уюмдарынын ортосунда, ошондой эле алардын жолун

жолдоочуларынын ортосунда өз ара сабырдуулук жана урматтоо мамилелерин

орнотууга көмөк көрсөтөт.

Дин уюмдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык саясий

турмушка катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасында диний партияларды,

алардын филиалдарын, бөлүмдөрүн жана бөлүмчөлөрүн түзүүгө жана алардын

иштешине жол берилбейт.

Дин уюмдары коомдук турмушка катышууга, ошондой эле коомдук бирик-

мелер менен катар эле Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелер

жөнүндөгү законуна ылайык массалык маалымат каражаттарын пайдаланууга

укуктуу.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-6)
