# 4-статья. Динге карата мамилесине карабастан граждандардын тењ

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/891)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 16-декабрындагы № 656 "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 656-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282 "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-849/edition/503468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/891/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө, 4-статья (31.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-4

---

укуктуулугу

Кыргыз Республикасынын граждандары динге болгон мамилесине кара-

бастан граждандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмуш-

тун бардык жактарында закон алдында бирдей. Официалдуу документтерде

гражданин өзү каалагандан башка учурларда анын динге болгон мамилесин

көрсөтүүгө уруксат берилбейт.

Граждандардын динге болгон мамилесине жараша алардын укуктарына

түздөн-түз же кыйыр түрүндө чек коюу жана кандайдыр бир артыкчылыктарды

берүү, ошондой эле ага байланыштуу кастыкты жана жек көрүүчүлүктү ту-

тандыруу же граждандардын сезимдерин, тигил же бул динге сыйынган объ-

ектилерди мазактоо закондо белгиленген тартипте жоопкерчиликке тарты-

лат.

Эч ким өзүнүн диндик ынанымдарына шылтоолор менен закондо белги-

ленген милдеттенмелерди аткаруудан баш тарта албайт. Ынанымдарына шыл-

тоо кылуу менен бир милдеттенмени аткарууну экинчиси менен алмаштырууга

Кыргыз Республикасынын законунда каралган учурларда гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-5)
