# 15-статья. Дин ырым-жырымдары жана ырасымдар

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/891)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 16-декабрындагы № 656 "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 656-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282 "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-849/edition/503468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/891/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө, 15-статья (31.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-15

---

Граждандар жана дин уюмдары кудайга сыйынуу же диний чогулуштарды

өткөрүүчү эркин кирүүгө боло турган жерлерди, ошондой эле тигил же бул

динге ыйык жерлерди (сыйынуучу жерлерди) негиздөөгө жана күтүүгө укук-

туу.

Кудайга сыйынуу, диний ырым-жырымдар жана ырасымдар табынуучулук

имараттарда жана аларга таандык аймактарда, зыярат кылуучу жерлерде,

дин уюмдарынын мекемелеринде, көрүстөндөрдө, граждандардын үйлөрүндө

жана квартираларында эч тоскоолдуксуз жүргүзүлөт.

Аскердик бөлүктөрдүн командованиеси аскер кызматчыларына бош убак-

тыларында кудайга сыйынууга жана диний ырасымдарды жасоого тоскоолдук

кылбайт.

Дин уюмдары ооруканаларда, госпиталдарда, кары-картањдар жана май-

ыптар үйлөрүндө, эркинен ажыратылган адамдар турган жерлердеги граждан-

дарга кудайга сыйынуу жөнүндө сунуш менен кайрылууга акылуу.

Ооруканаларда, госпиталдарда, кары-картањдар жана майыптар үйлө-

рүндө, алдын ала камакта турган жана жазасын өтөп жаткан жерлердеги

граждандардын өтүнүчтөрү боюнча ал жерлерде кудайга сыйынуу жана диний

ырым-жырымдарды өткөрүшөт. Ал мекемелердин администрациясы дин кызмат-

чысын чакыртууга көмөк көрсөтүп, кудайга сыйынуунун, ырым-жырымдарды же

ырасымдарды өткөрүүнүн убактысын жана башка шарттарды аныктоого каты-

шат.

Башка учурларда эл алдында кудайга сыйынуу, диний ырым-жырымдар

жана ырасымдар Кыргыз Республикасында чогулуштарды, митингдерди, демон-

страцияларды жана жүрүштөрдү өткөрүү үчүн белгиленген тартипте ишке

ашырылат.

Мусулманчылыктын жана мусулман элдеринин байыртан элдик салты бо-

луп калган уул балдарды жашынан сүннөткө отургузуу расмине, ошондой эле

үйлөнүү учурундагы граждандык каттоо менен катар мусулмандарга мечитте,

үй-бүлөдө мусулман салты боюнча нике кыюуга, ошондой эле христиандарга

чокундуруу, чиркөөгө барып баш кошуу салтанатын өткөрүүгө жол берилет.

Орозо айт, Курман айт, Рождество күндөрү дем алыш жана майрам күндөрү

деп жарыялансын.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-16)
