# 12-статья. Мамлекеттин, коомдук уюмдардын же граждандардын

- Документ: [Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/891)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 16-декабрындагы № 656 "Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 656-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1991
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2008 года № 282 "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202498)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-849/edition/503468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/891/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө, 12-статья (31.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-12

---

менчиги болуп саналган мүлктөрдү пайдалануу

Дин уюмдары өз муктаждыктары үчүн аларга келишимдик башталыштарда

мамлекет, коомдук уюмдар же граждандар берген имараттарды жана мүлктөр-

дү пайдаланууга укуктуу.

Эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери жана мамлекеттик органдар

мамлекеттин менчигинде турган зыярат жайларды жана башка мүлктөрдү дин

уюмдарынын менчигине же акысыз пайдаланууга өткөрүп бериши мүмкүн.

Дин уюмдары пайдаланууга жарактуу зыярат жайларды ага жамаатташ

жаткан аймак менен бирге өткөрүп берүүдө артыкчылык укугуна ээ.

Дин уюмдарына зыярат жайларды жана мүлктөрдү өткөрүп берүү

жөнүндөгү маселе боюнча чечим ал жөнүндө арыз ээсине кат жүзүндө бил-

дирүү менен тийиштүү өтүнүч кабыл алынган учурлардан баштап кеминде бир

айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынууга тийиш.

Дин уюмдарына тарых жана маданият эстеликтери болуп саналган объ-

ектилерди жана буюмдарды өткөрүп берүү же пайдаланууга берүү Кыргыз

Республикасынын Законуна ылайык ишке ашырылат.

Дин уюмдары Кыргыз Республикасынын законунда белгиленген тартипте

жерге ээлик кылат жана пайдаланат. Зыярат жайларын куруу эл депутатта-

рынын жергиликтүү Советтеринин уруксаты менен ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/891/st-13)
