# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы N 240-VII "2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы N 240-VII "2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 240-VII
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13989/edition/1170753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89081.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 11-майындагы N 240-VII "2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (11.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89081

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 11-майы № 240-VII "2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 11-мартындагы № 132 токтом) "2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

У.Примов
