# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы N 247-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы N 247-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 247-VII
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13986/edition/1167229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы N 247-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89078

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 18-майы №247-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 54-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов
