# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 256-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 256-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 256-VII
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13984/edition/1258076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 256-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89076

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 25-майы № 256-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: 2022-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

Төрага

Т.Т.Мамытов
