# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 187-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 187-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 187-VII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13951/edition/1167203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 187-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" ТОКТОМУ (14.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89043

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-апрели №187-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай; "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 124-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн 22 млн. евронун максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө; Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Мамытов
