# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 217-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 217-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13938/edition/1161214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 217-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (27.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89025

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-апрели № 217-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: 2022-жылдын майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна Ж.М.Кулубаевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө; "2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

Төрага

Т.Т. Мамытов
