# КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 185-VII “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 185-VII “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 185-VII
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88997>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13911/edition/1156078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88997.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 185-VII “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88997

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 13-апрели № 185-VII “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар,мамлекеттик түзүлүш,сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына киргизилсин.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18- VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1- пункттун 1- пунктчасында:

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Абдалиев Мейкинбек Акимович - “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;”;

- он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага:

Т.Т.Мамытов
