# КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 163-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 163-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 163-VII
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88981>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13895/edition/1154994/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88981.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңеши 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 163-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88981

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 6-апрели № 163-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 49-VII «Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Сабиров Равшанбек Азатович чыгарылсын;

2) Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Абдалиев Мейкинбек Акимович киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына Алимжанов Фарходбек Айбекович киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 58-VII «Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамынан Алимжанов Фарходбек Айбекович чыгарылсын;

2) Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамына Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна киргизилсин.

Төрага:

Т.Т.Мамытов
