# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6 апрелиндеги №169-VII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6 апрелиндеги №169-VII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169-VII
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13893/edition/1168723/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6 апрелиндеги №169-VII "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (06.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88979

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 6-апрель №169-VII Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 28-январындагы № 36 токтому) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору жүзөгө ашыруучу сатып алууларды уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун тартибин бекитсин;

- 2022-жылдын 4-апрелиндеги парламенттик угууларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алган сунуштарды эске алуу менен мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Төрага

Т.Т. Мамытов
