# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы №123-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы №123-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123-VII
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13885/edition/1146600/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88971.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы №123-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (16.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88971

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-марты №123-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Чингиз Азаматович Айдарбеков социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.

2. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жанарбек Кубанычович Акаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарынан чыгарылсын;

2) Эмил Эрикович Жамгырчиев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарына киргизилсин.

3. «Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Алтынбек Турдубаевич Сулайманов Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

2) Жанарбек Кубанычович Акаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

4. «Европа Бирлиги-Кыргызстан» Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин; төмөнкүдөй мазмундагы 1.1-пункт менен толукталсын:

«Лейла Хиянов Лурова Комитеттин тең төрагасы болуп шайлансын.».

Төрага

Т.Т. Мамытов
