Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-марты №123-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Чингиз Азаматович Айдарбеков социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
2. «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жанарбек Кубанычович Акаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарынан чыгарылсын;
2) Эмил Эрикович Жамгырчиев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарына киргизилсин.
3. «Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Алтынбек Турдубаевич Сулайманов Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
2) Жанарбек Кубанычович Акаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
4. «Европа Бирлиги-Кыргызстан» Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин; төмөнкүдөй мазмундагы 1.1-пункт менен толукталсын:
«Лейла Хиянов Лурова Комитеттин тең төрагасы болуп шайлансын.».
Төрага
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык…Постановление · 10.02.2022 · № 46-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.02.2022 · № 47-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик…Постановление · 10.02.2022 · № 55-VII
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык…Постановление · 10.02.2022 · № 46-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 47-VII "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.02.2022 · № 47-VII
- КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик…Постановление · 10.02.2022 · № 50-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик…Постановление · 10.02.2022 · № 55-VII