# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-мартындагы №156-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-мартындагы №156-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 156-VII
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13884/edition/1167217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-мартындагы №156-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-марты №156-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. «Альянс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанова Нилуфар Якубжановна Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. «Ишеним» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джусупов Эмилбек Рамидинович Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1 -пунктта:

- 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«Алимжанова Нилуфар Якубжановна - «Альянс» парламенттик фракциясынан;»;

- 3-пунктчанын төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзан менен толукталсын:

«Джусупов Эмилбек Рамидинович - «Ишеним» парламенттик фракциясынан;»;

- 7-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

«Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - № 27 Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча;».

- 5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып кучүнө кирет.

Төрагасынын орун басары

У.Б. Примов
