Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-март №159-VII «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 7-февралындагы № 63 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасынын орун басары
У.Б. Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.06.2022 · № 52
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар…Постановление · 07.02.2022 · № 63 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 149
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон