# КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 121-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 121-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 121-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88918>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13832/edition/1156406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88918.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 121-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88918

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-марты № 121-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай маселелер; "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө маалыматы; "Жашыл Кыргызстан" экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

Төрагасынын орун басары

Н.Сыдыгалиев
