# КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 120-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 120-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120-VII
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88917>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13831/edition/1156400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88917.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 9-мартындагы № 120-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасы тууралуу" токтому (09.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88917

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 9-марты № 120-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2022-жылдын 9-февралындагы № 19/3-1-22 сунуштамасын, атайын депутаттык комиссиянын маалымдамасын (тиркелет) карап жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Осмоновдун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук берүүдөн баш тартылсын.

3. Комиссиянын маалымдамасы жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

Төрага

Т.Т. Мамытов
