# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 78-VII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 78-VII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78-VII
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88905>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13819/edition/1162203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88905.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 78-VII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө (02.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88905

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 2-марты № 78-VII "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 6-декабрындагы чыг. № 30-23182) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 3,0 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 19747104,6 миң сом суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 3,0 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 19747104,6 миң сом суммасында.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

T.Т. Мамытов
