# КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13817/edition/1200065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 48-VII "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (20.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88903

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-февралы № 48-VII Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык) Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосунда парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы; Улан Болотбекович Бакасов; Дастанбек Артисбекович Джумабеков; Русланбек Шергазиевич Жакышов; Тазабек Икрамович Икрамов; Нуржигит Кадырбекович Кадырбеков; Айбек Жапарович Осмонов; Чолпон Аалыевна Султанбекова; Балбак Зарлыкович Түлөбаев.

2. Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:

укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссияга - Русланбек Шергазиевич Жакышов, Нуржигит Кадырбекович Кадырбеков; социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссияга - Улан Болотбекович Бакасов, Айбек Жапарович Осмонов; экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга - Дастанбек Артисбекович Джумабеков, Чолпон Аалыевна Султанбекова; курчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияга - Балбак Зарлыкович Түлөбаев, Тазабек Икрамович Икрамов.

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

У.Примов
