# Постановление Жогорку Кенеша КР от 2 марта 2022 года № 96-VII "О формировании счетной комиссии для проведения тайного голосования с использованием бюллетеней по избранию председателя Комитета по международным делам, обороне, безопасности и миграции Жогорку Кенеша Кыргызской Республики и Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96-VII
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13815/edition/1161100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Жогорку Кенеша КР от 2 марта 2022 года № 96-VII "О формировании счетной комиссии для проведения тайного голосования с использованием бюллетеней по избранию председателя Комитета по международным делам, обороне, безопасности и миграции Жогорку Кенеша Кыргызской Республики и Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики" (02.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88901

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 2-марты № 96-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7 депутатынан түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Э.Н.Сулайманов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Э.Р.Джусупов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

Исатбек кызы А. - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

Э.Т.Токтошев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

Н.А.Азыгалиев - "Элдик" депутаттык тобунан.

Төрага

Т.Т. Мамытов
