# КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88882>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13796/edition/1159469/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88882.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 50-VII "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (10.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88882

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 10-февралы № 50-VII Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, ЕККУ алкагында парламенттер аралык байланыштарды жигердентүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Айгүл Абдисаламовна Айдарова; Замирбек Дуйшалыевич Мамасадыков; Марлен Абдырахманович Маматалиев; Самыйкожо Мирлан; Алтынбек Турдубаевич Сулайманов; Миргул Омурзаковна Темирбаева; Бакыт Эргешевич Торобаев.

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

Төраганын орун басары

У.Б. Примов
