Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Талантбек Орускулович Имановду Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-январы № 20-VII Талантбек Орускулович Имановду Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 586 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Талантбек Орускулович Имановду Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4956-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
Н.О. Сыдыгалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4956-VI "Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2021 · № 4956-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021