# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 5020-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Закирович Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 5020-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Закирович Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5020
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13762/edition/1126019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 5020-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Закирович Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу" токтому (08.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88847

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-декабры № 5020-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Закирович Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасын, атайын депутаттык комиссиянын маалымдамасын (тиркелет) карап жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Закирович Зулпукаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.

3. Комиссиянын маалымдамасы жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева
