# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 5006-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 5006-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5006
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13760/edition/1125972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 5006-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу" токтому (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88845

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-декабры № 5006-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу (КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрындагы № 5022-VI токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамындагы атайын депутаттык комиссия түзүлсүн:

Е.Г.Строкова - "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;

А.А.Абдугапаров,

Б.К.Райымкулов - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

К.К.Исаев,

А.С.Токторов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Т.И.Икрамов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

М.С.Бакиров,

А.Ж.Токтомамбетов - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

Э.Т.Токтошев,

А.Т.Мамашова,

К.К.Иманалиев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева
