Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Жогорку Кенеша КР «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития по проекту «Управление рисками оползней в Кыргызской Республике», подписанного 16 сентября 2021 года в городе Бишкек, и Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития по проекту «Управление рисками оползней в Кыргызской Республике», подписанного 16 сентября 2021 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-декабры № 5064-VI "2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 10-декабрындагы чыг. № 27-21843) "2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрүнүн тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
А.К. Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.