# КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5024-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5024-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5024
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/88824>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-13739/edition/1125324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/88824.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 5024-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө" токтому (22.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/88824

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-декабры № 5024-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын маалымкатын (тиркелет) карап чыгып жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашованын - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасынын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартылсын.

3. Комиссиянын маалымкаты жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын жана "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева
